2024-04-02


Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган III. Студенттик илимий конференция 28/03/2024


2024-жылдын 28-мартында, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Туризм факультетинин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмү тарабынан «Гастротуризм: көйгөйлөрү жана келечеги» аталышындагы III. Студенттик илимий конференция өткөрүлдү. Факультеттин деканы проф. др. Ясин Бойлунун жана бөлүмдүн башчысы т.и.к., проф. Нурудин Кыдыралиевдин ачылыш сөздөрүнөн кийин бөлүм студенттери Кыргызстандын коомдук тамактануу жана гастрономиялык туризм көйгөйлөрүнө арналган 30 илимий доклад жасашты. Эң мыкты деп саналган үч доклад үчүн сыйлыктар тапшырылды жана студенттик илимий иштерди мындан ары илгерилетүү жөнүндөгү пикирлер айтылды.